ЖАНТАЙ
ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-жылдарда Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы Байтик Канай уулунун чакыруусу м-н келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан ж-а Манапбайлар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда турушат.
Р. Жолдошов.