ЖАНТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТАК (Alhagi) – чанактуулар уруусундагы көп жылдык, жыш бутактуу чөп же чала ба­дал. Тамыры жерге 18–20 мге чейин кирет. Жал­бырагы жөнөкөй, жан жалбырактуу. Гүлү кыз­гылт, жалбырак колтугунан өсүп чыккан ти­кендерде жайгашат. Мөмөсү – чанак. Евразия­да кездешет. Кыргызстанда эки түрү бар. Орто Азия чөлдөрүндө төө ж-а майда мал үчүн баалуу тоют. Айрымдары отоо чөп.