ЖАНЫБАРЛАР МИГРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР МИГРАЦИЯСЫжаныбар­лардын мекендеген жериндеги жашоо шарттын өзгөрүшүнө же өрчүү циклине байланыштуу жер которушу. Жашоо шартынын өзгөрүшүнөн бол­гон миграция мезгилдик (жыл мезгили, сутка­лык) ж-а мезгилсиз болуп айырмаланат. М е з­г и л д и к м и г р а ц и я табиятта ар түрдүү болот. Сүт эмүүчүлөрдүн, куштардын ж-а курт-­кумурскалардын тоолуу аймактарда өйдө-ыл­дый көчүшү, омурткасыздардын суунун же то­пурактын тереңин көздөй оошу, өрдөмө балык­тардын деңизден өзөнгө өрдөшү, ал эми теске­рисинче өзөндөн деңизге түшүшү ж. б. Деңиз таш бакасы м-н деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн океан­дагы, туяктуулар м-н кемирүүчүлөрдүн, жырт­кыч сүт эмүүчүлөрдүн кургактыктагы, көпчүлүк канаттуулардын, жарганаттардын, курт-кумурс­калардын абадагы которулушу миграцияга ки­рет. М е з г и л с и з м и г р а ц и я д а кээ бир отурукташкан жаныбарлар (тыйын чычкан, леммингдер ж. б.) чөйрө шарттарынын кескин өзгөрүшүнөн (өтө кургакчылык, өрт, суу кап­тоо ж. б.) жашаган жерин которот. Мындай миг­рация күтүлбөгөн жерден болуп, жаныбардын кырылышына алып келет. Жаныбарлардын өрчүшүнүн ар кандай стадиясында түрдүү жа­шоо шартты талап кылуусу личинка стадия­сында түрлөрдүн таралышына шарт түзөт (он­тогенездик миграция). Жаныбарлар миграциясы жаныбарларга бел­ги коюу м-н изилденет.