ЖАНЫБЕК ХАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБЕК ХАН (15-кылымдын башы – болжол м-н 1470-жылдардын ичинде) – Казак ханды­гын негиздөөчүлөрдүн бири. Орус хандын туку­му, Барак хандын кичүү уулу. Ак Ордонун ханы Барак өлгөндө (1428), Дешт-и Кыпчактагы бий­лик Абу-л-Хайр ханга өтүп, 1457-ж. Чыганак­тын алдындагы согушта анын колу калмактар­дан жеңилип, натыйжада ич ара араздыктар­дын пайда болушу Жаныбек хандын бир тууганы Ги­рей (Керей) экөөнү өздөрүнө тийиштүү улусу м-н Моголстанга кетүүгө аргасыз кылган. 1458-жылы Гирей хан көтөрүлүп, ал өлгөндө (1465–66), бий­лик Жаныбек ханга тийген. 1470-жылы көчмөн өзбектердин ханы Шайх-Хайдар өлтүрүлгөн соң, Дешт-и- Кыпчактын басымдуу бөлүгү Жаныбек хандын колунда калган. Жаныбек хандан Иренжи, Махмут, Касым, Адик, Асик, Жаныш, Таныш, Камбар, Жадик деген тогуз уул болуп, алардын ичинен өзгөчө белгилүүлөрү Касым м-н Адик. 16-кылымдын аягы­нан 19-кылымга чейинки Казак хандары жалаң Жа­диктин тукумунан чыккан. Казак элинин ка­лыптана башташы ушул Жаныбек хандын мезгилине туш келет. Кыргыз элинде Жаныбек ханга байланыш­кан көптөгөн жомоктор бар.

Ад.: «Тауарих-и гузида-йи нусрат нама», Бинаи, «Шайбанинама». Материалы по истории казахских ханств XV–XVIII вв. А.-А., 1969; Абулгазы. Родосло­вие тюрков. СПб., 1907; Мырза Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999.

А. Махаева.