ЖАНЫМА ТЕГИЗДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫМА ТЕГИЗДИКS бетиндеги берилген M чекити аркылуу өтүүчү тегиздик. Тегиздик­тен алынган M1 чекити M чекитине умтулган­да, бул тегиздиктен M1 чекитине чейинки ара­лык MM1 аралыгына салыштырмалуу чексиз кичине чоңдук болот. Эгер S бети z=f(x, y) теңде­меси м-н берилсе ж-а f(x, y) функциясы (x0, y0) чекитинде толук дифференциалга ээ болсо, жаныма тегиздиктин M (x0, y0, z0) чекитиндеги теңдемеси төмөнкүчө жазылат: z–z0= A(x–x0)+B (y–y0). Мында z0=f (x0, y0), A ж-а В – тиешелүү түрдө м-н x ∂ y жекече туундуларынын (x0, y0) че­китиндеги маанилерине барабар.