ЖАНЫТМА
ЖАНЫТМА – чакан проза жанры; болуп өткөн (же келечекте боло турган) ишти, кылык-жорукту, факты же окуяны атайын көркөмдөп, образдуу түрдө жандатып, кыйытып айтчу сөз өнөрүнүн салттуу формасы. 1920–30-жылдарда Жанытмада жөнөкөй гезиттик кабар м-н көркөм чыгарманын белгилери аралаш берилген (Жанытма аңгеме, Жанытма ыр, Жанытма фельетон, Жанытма тамсил, Жанытма жомок). Адабияттын жалпы идеялык көркөм деңгээлинин көтөрүлүшү м-н Жанытма өз алдынча жанрдык белгилерге ээ болду.