ЖАПАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙ Көкташ уулу (болжолу 1870-жыл­дар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү ма­наптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун не­береси. Кыргызстан Россия империясынын карама­гына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Нияз­бек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштук­тарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын тааси­ринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштон­дук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына кар­шы күрөшкө активдүү катышып, аны уюшту­руучулардын башында турган. Көтөрүлүш баш­талганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму Канат Ыбыке уулун «хан» көтөрүш­көндө, чыгыш жагы Жапай Көкташ уулунун демил­геси м-н Тезекбай Түлкү уулун «хан» шайла­шат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн бор­бору – Столыпино кыштагын талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши м-н Жапай Көкташ уулу өз эли м-н Кытайга качып барып, 1918-жылы кайра кел­ген. Бул учурда падышалык бийлик кулатыл­ганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулар­дын бири катары күнөөлөнүп, Токмок шаарына жакын Шор-Төбө деген жерде атылган.

Р. Жолдошов.