ЖАПАЛАК
ЖАПАЛАК – Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине караштуу. Ош – Ноокат автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Ош шаарынан ж-а темир жол бекетинен 5 км батыш тарапта. Калкы 3648 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, китепкана бар. Жол оңдоочу ишкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.