ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ – салыштырмалуу би­йиктиги 1000 мден ашпаган тоо рельефинин тиби. Көбүнчө бийик тоолордун чет-жакасына, тек­тоникалык көтөрүлүүлөр анча болбогон зоналарга мү­нөздүү. Кээде обочо жайгашкан жапыз тоолор да кездешет, мисалы, Казакстандагы Муголжар. Жапыз тоо рельефи негизинен андан бийик тоолордун дену­дациясынан пайда болот. Ага кыры жайпагыраак суу бөлгүчтөр ж-а жантайма капталдар, тектоникалык көтөрүлүүдө ургаалдуу эрозиялык тилмеленүүгө дуушарланган жерлерине өрөөн-капчыгайлуу, кокту-колоттуу, айрым жерине дөбө-дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү. Мөңгү жаткан бийик алкак­тарда жапыз тоо рельефи альп мүнөзүнө ээ. Жапыз тоо рельефинде ланд­шафттын өзгөчөлүктөрү орто ж-а бийик тоолор­до салыштырмалуу азыраак байкалат.