ЖАР КӨРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР КӨРҮҮ – үйлөнүү үлпөтүнө чейин аткары­луучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин болочок күйөө бала жолдош ээрчитип, колуктусунун айылына келип, четирээк жерге түшөт. Ошол жерге кыз тараптагылар атайын боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө бала та­раптан талап кылышат. Оюн жүрүп жаткан ма­алда кыз-күйөө 1-жолу бирин бири көрүшкөн. Салт боюнча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү бири бирине далыларын тийгизип, анан экөөнү бир сол, бир оң жагынан кайрылтып өбүштүргөн. Жар көрүү токмок салуу жана башка оюндар менен коштолгон. Кыз тарап, жигит тарап болушуп, жар-жар ыр­дашып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин та­лаптарын аткарып, камдай келген белектерин тартуулашкан.

А. Көчкүнов.