ЖАР-КЫШТАК (Сузак районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАР-КЫШТАК 1 to ЖАР-КЫШТАК (Сузак районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-КЫШТАК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 22 км. Калкы 1046 (2007); негизинен дыйкан­чылыкта эмгектенет. Кыштакта белгилүү ча­бан, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д. Чойбеков туулган.