ЖАРАКЕ
ЖАРАКЕ – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 735 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 24 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2020 (2007); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, соода түйүнү, ФАП, мечит ж. б. бар.