ЖАРГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 2 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГАК – жүнү жыдытылып, ашатылып, ий­ленген тери. Ал кой-эчкинин, кийиктин тери­леринен ийленип алынат. Жаргактан эркектердин шымдары, өтүк, маасынын кончтору, кол кап тигилген, ат жабдыктын кээ бир бөлүктөрү жа­салган. Жаргак үй-тиричилигинде супура катары колдонулган.