ЖАРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 2 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГО́Н (фр. jargon – келжир сөз) – жалпы элдик тилден айырмаланган, кандайдыр бир со­циалдык же кесиптик топтун речине гана тиешелүү болгон өзгөчөлүктөрдүн (сөз маани­леринин, туюнтмалардын) жыйындысы. Бел­гилүү гана чөйрөлөр үчүн түшүнүктүү болгон шарттуу тил же жасалма сөздөр. Жаргондордо жал­пы элдик тилдеги көпчүлүккө түшүнүктүү сөз­дөр м-н алмашылат. Мисалы, кыргызча «бөлкөн­тай» – гонорар. Жаргон жеке адамдардын мүнөзүн ачуу үчүн көркөм адабиятта да, кээде бурмаланган, туура эмес айтылган сөздөрдү белгилөөдө да кол­донулат.