ЖАРКЫМБАЕВ (Ысык-Көл районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 2 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАРКЫМБАЕВ to ЖАРКЫМБАЕВ (Ысык-Көл районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫМБАЕВ , Т а ш т а к, К а м е н к а – Ысык-Көл районундагы кыштак. Абдрахманов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чол­пон-Ата шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 150 км. Кыштак 1834-жылы не­гизделген. Калкы 2210 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мон­чо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Советтер Союзунун Баа­тыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.