ЖАРКЫНАЙЫМ
ЖАРКЫНАЙЫМ , Х а к и м а й ы м, М а л и к а а й ы м (туулган жылы белгисиз – 1868, Кокон) – Шералы хандын аялы, Кудаяр хан Сарымсак, Султанмураттын энеси; 19-кылымдын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдардын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген саруунун баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар боюнча Жаркынайым азыркы Наманган облусунун Үйчү районуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү болуп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Жаркынайымдын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы районундагы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айылына көчүрүп келген. Жаркынайым өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын бирине айланган. Жаркынайымдын коомдук, саясий мамлекеттик ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Коконго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамлекеттик иштер анын катышуусу м-н ишке ашкан. Мисалы, Касым миң башыны өлүм жазасынан бошотууга салым кошуп, Мусулманкулдун дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры Нүзүптүн түбүнө жетерин билип, андан айрылса, бийликтен да айрыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эскерткен. Уулу Кудаяр хан да Жаркынайымдын акылынан чыкпаган. Жаркынайым ордодогу хан сарайдын короосунда кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Жаркынайым өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тарыхый булактарда айтылат.
Ад.: Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007; Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Ж. Алымбаев.