ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 3 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ – 1) жарык булагы м-н байкоочунун ортосундагы салыштырмалуу кыймылдын негизинде жарык булагынын чы­ныгы көрүнүш абалынан четтеши. Жарык аберрацисынын бир нече түрү бар. Бир чекитке жыйналган жарык нуру линзадан өткөндө же сфералык күзгүдөн чагылганда алардын фокусуна жыйылуудан четтеши с ф е р а л ы к аберрация деп аталат. Бир чекиттен чыккан ар түрдүү түстөгү нурлар линзадан өткөндөн кийин, анын фокусуна жый­налышынан четтеши х р о м а т и к а л ы к (түстүү) аберрация болот. 2) А с т р о н о м и я ­д а – асман жарык чыгаргычы м-н байкоочунун кыймылына жараша жарык нурунун багыты­нын өзгөрүшү. Жер өз огунда айланганда сутка­лык, Күндү айланганда жылдык, Күн система­сынын мейкиндикте кыймылында кылымдык жарык абберациясы болот. Астрономиялык аберрация астрофизикалык илик­төөлөрдө, Жердин Күндү айлануу ылдамдыгын ж-а жарык ылдамдыгын так аныктоодо пайда­ланылат.