ГУМБОЛЬДТ Александр
ГУ́МБОЛЬДТ Александр (14.9.1769, Берлин – 6.5.1859, ошол эле жер) – немец табият таануучусу, географ ж-а саякатчы. Берлин ИАнын мүчөсү (1800), Петербург ИАнын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1818). Окумуштуу В. Гумбольдттун иниси. Франциялык ботаник Э. Бонплан

м-н бирге 1799–1804-ж. Түш. ж-а Борб. Американын табиятын изилдеген. 1829-ж. Урал, Алтай, Батыш Сибирге, Каспий деӊизине саякат жасаган. Г. өсүмдүктүн зона б-ча таралышы ж-дөгү идеяга, өлкө ж-а ландшафт таанууга, өсүмдүктөр географиясына негиз салган; бир катар орографиялык ж-а климаттык закон ченемдүүлүктү аныктаган; изотерма ж-дөгү түшүнүктү киргизген. Жер магнетизмин, жанар тоолорду көп изилдеген. Г-тун «1799–1804-ж. Жаӊы Дүйнөнүн күн-түнү теӊ облустарына саякат», «Табияттын көрүнүшү» (1808), «Космос» (1845–62, 1–5-т.) аттуу залкар эмгектери орусчага которулган. Г-дун ысымы м-н бир катар геогр. объектилер (Борб. Азия м-н Түн. Америкадагы кырка тоолор, Гренландиядагы мөӊгү, Тынч океандагы агым ж. б.), айрым өсүмдүктөр, минерал, Айдагы кратер ж. б. аталган. Берлиндеги ун-т да ага-ини Александр ж-а Вильгельм Г-тордун атында. Ад.: Вульф Е. В. Значение работ А. Гумбольдта для географии растений. М.; Л., 1936; Терра Г. де. А. Гумбольдт и его время / Пер. с нем. М., 1961; Переписка А. Гумбольдта с учёными и государственными деятелями России. М., 1962.