ИТЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТЕРА́ЦИЯ (лат. iteratio – кайталоо) – кан­дайдыр бир матем. операцияны кайталап кол­донуу. Эгерде у = ƒ(х) =ƒ1(х)хтен функция бол­со, анда ƒ2(х)= ƒ[ ƒ1(х)], ƒ3(х) = ƒ[ƒ2 (х)]..., ƒn(х) = ƒ[ƒn–1(х)] функциялары f(x) функциясы­нын тиешелүү түрдө 2-, 3-, ..., n-И-сы деп ата­лат, мис., f(x) = xa болсо, ƒ(х) =(ха)а=ха2келип чыгат. n индекси И-нын көрсөткүчү, ал эми f(x) функциясынан f2(x), f3(x), ... функция­ларына өтүү И-лоо деп аталат. Функциянын кээ бир класстары үчүн каалагандай чыныгы ж-а ал түгүл комплекстик көрсөткүчтүү И-ны аныктоого болот. И. ар түрдүү теңдемелерди ж-а алардын системаларынын жакындашты­рылган чыгарылыштарын табууда колдонулат.