ИТ-ТИШ МӨҢГҮСҮ
ИТ-ТИШ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,9 км, аянты 3,1 км2. Ысык-Көлдүн куймасы Жууку суусунун алабынан орун алган. Бети тегиз келип, бир аз жантайыңкы. Мөңгүнүн башы деңиздеңг.4810м,этеги3600мбийиктежатат. Кар чегинин бийикт. 3840 м. Абляциянын аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Жууку суусунун оң куймасы – Ит-Тиш суусу башталат.