ИЧКЕ-БУЛУҢ
ИЧКЕ-БУЛУҢ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Липенка айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-чыгышында, көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, деңиз деңг. 1660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 29 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 216 км. Калкы 1572 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, дарыкана, китепкана бар. Медпункт, мончо, соода түйүндөрү иштейт.