ИЧКЕ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ток­тогул р-нунда, Токтогул шаарчасынан 9,3 км чыгышта, Нарын д-нын оң жээгинде, деңиз денг. 940–1100 м бийиктикте жайгашкан. 1978– 80-ж. чалгындалган. Кен аянтынын геол. түзү­лүшүнө плиоцен ж-а төртүнчүлүк мезгилиндеги катмарлар катышат. Пайдалуу катмар болуп, плиоцен мезгилинде пайда болгон таш сыяк­туу, сууда эзилүүчү, калыңдыгы 295 мге жеткен чопо кабаты эсептелет. Чопо кыш өндүрүүгө жа­рамдуу. Запасы: А категориясы б-ча 137 миң м3, В-370 миң м3, С –747миң м3.