ИЧКИ ТРОПИКТИК КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ТРОПИКТИК КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ – Түн. ж-а Түш. жарым шарларда пассат шамалдарынын (же пассат м-н муссондун) ко­шулган жери, зонасы. Ал экваторго жакын (жылдын басымдуу мезгилинде экватордон бир нече градус түндүктө) жайгашып, жай мезгили келгенде жарым шарды карай (жүздөгөн кмге) сезон б-ча оошот. И. т. к. з-нын жазылыгы, эк­ватордон алыс жайгашкан, кургактыкта жүздө­гөн кмге кеңейип, океан бетинде ондогон кмге чейин кууштайт. Анда абанын жогорку темп­расы, төмөнкү атм. басым басымдуулук кылып, экватордук депрессияга жакын жайгашат. И. т. к. з-на сыдырым соккон шамал мүнөздүү, штиль болуп турат (жымжырт зона); айрым учурда абанын көтөрүлүү кыймылы, о. эле тол-


кун сымал таралган куюндар калың булуттуу­лукту ж-а кара нөшөрдү пайда кылат. Тропик­тик циклондордун көбү ушул зонага жакын жаралат.