ИШЕНОВ Сагынбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕНОВ Сагынбек (5. 4. 1934-ж. т., Чүй обл.,

Чүй р-ну, Бурана кыш.) – кино сүрөтчү, кино­режиссёр, КРдин эл. арт. (1992). 1961-ж. Бүткүл союздук кинематография ин-тун бүтүргөн. СССР кинематографисттер союзу­нун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү.

«Кыргызфильм» киносту­диясында тартылган «Ба­кайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1971), «Ташка бат­кан элестер» (1974), «Сыпай­чы» (1976) көркөм фильм­деринин сүрөтчү-коюучусу. 1962-жылдан респ., бүткүл союздук ж-а эл аралык көр­гөзмөлөргө катышкан. 1967-ж. О. Азия респ­ларынын ж-а Казакстандын фильмдеринин кароосунда «Бакайдын жайыты» фильми үчүн И. «Чоң тоо хрусталы» аттуу 1-байге, Франк­фурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ар­дак диплом, Италиянын Триест ш-нда «Алтын альп бутагы» (1969) м-н сыйланган. 1970-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында И. жетекте-

Ишенов С. «Падыша жана сүрөтчү». 1982.

ген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч «Сандар­дын чатагы» анимациялык фильмин чыгар­ган. И-дун станоктук живопистеги: «Чоң сал­гылашуудан кийин» (1968), «Эркин-Тоо» (1969), «Алыскы айылга шам» (1971), «Узак жол» (1975), «Жаңы турмуш үчүн» (1977) ж. б. эмгек­теринде рев-ялык-жарандык тематика курч берилген. «Кызыл өгүз, көк соко» аттуу сүрөтү Третьяков галереясында, о. эле живопистик чы­гармалары Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көр­көм сүрөт иск-во музейинин фондунда сакта­лууда.