ИШМЕРДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШМЕРДҮҮЛҮК , и ш м е р д и к – адамзат коомунун жашоо формасы; субъекттин курчап турган дүйнөнү максаттуу өзгөртүү, о. эле адам­дын өзүн-өзү өзгөртүү максатын көздөгөн ак­тивдүүлүгүнүн көрүнүшү. И. аң-сезимдүү мүнөзгө ээ; ал коюлган максаттан, пайдаланылган ка­ражаттардан келип чыккан натыйжадан ж-а процесстин өзүнөн турат. Философияда И. прин­циби антикалык ойчулдар тарабынан эле иш­телип чыккан ж-а өзгөчө формада берилген. Платон, б-ча адам И-үнүн материялык ж-а идея­лык уюткуларынын башаты катары Кудай – космос м-н нерселер дүйнөсүн жараткан Пла­тон демиургу эсептелген. Кайра жаралуу доору­нун философтору И. ж-а анын натыйжалары деп адамдын маңыздуу күчү м-н жөндөмдүүлүк­төрүн аташкан. И. принциби классикалык не­мис философиясында кеңири өнүктүрүлгөн. Мар­ксисттик философия коом м-н таанымдын жа­шоосунун ж-а өнүгүүсүнүн негизи катары прак­тика түшүнүгүн атоо м-н И-кө карата жаңыча көз карашты сунуш кылган. И-түн түрү көп. Алардын негиздүүлөрү болуп төмөнкүлөр эсеп­телет: 1) материалдык практикалык И. (жара­тылыш м-н коомду өзгөртүп түзүү); 2) идеялык­руханий И. (таанымды, а. и. илимди, көркөм чыгармачылыкты, адеп-ахлак жактарын өнүк­түрүү). И. субъектилери социалдык (топтук) ж-а индивиддик (жекече) түрдө болушу мүмкүн. И-түн репродукциялык (кайрадан түзүү) ж-а продукциялык (жаңыны жаратуу) типтерин белгилей кетүү оң.


Ад.: Леонтьев А. Н. Деятельность. Сознание. Личность. М., 2005; Психологическая теория деятель­ности: вчера, сегодня, завтра / Под ред. А. Н. Леон­тьева. М., 2006.