ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙО́ГА ГИМНАСТИКАСЫ – Индиядагы байыр­кы ж-а о. кылымдарда түзүлгөн диний-филос. окуу системасынын атайын гимнастикалык көнүгүүлөрдү камтыган түрү. Мында адам ар түрдүү позалардын, гимнастикалык көнүгүү­лөрдүн негизинде өзүнүн техникасын ж-а физиол. процесстерин толугу м-н башкарууга умтулат. Йогалар өздөрүнүн дем алуу системасын, жүрөгү­нүн иштешин башкара алат. «Йога» деген сөз жалдырап тиктөө, терең ойлонуу дегенди түшүн­дүрөт. Й. г. беш бөлүктөн турат: филос.; дем алуунун ыкмаларын колдонуу; тазалыкты сак­тоо ж-а тамак ичпей, ички организмди тазалоо; отуруп терең ойлонуп, бир жерди тиктөө (меди­атация); дененин кыймылы м-н аткарылган гим­настикалык көнүгүүлөр ж-а позалар. Дене тар­бияга тиешелүү бөлүгү хатха-йога деп аталат, андан ар түрдүү позалар (лотос, шамчырак, май­мыл, арстан ж. у. с.), о. эле көнүгүүлөр аркы­луу денени чыңдап, кишинин дене-күч сапатта­рын (күчтүүлүктү, шамдагайлыкты) өнүктүрүүгө болот. Йога м-н машыккандар ооруга көп чал­дыгышпайт, тез сакайышат ж-а көп жашайт.