КАБА ТЕМИР КЕНИ
КАБА ТЕМИР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала- Бука р-нунда, Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында, деңиз деңг. 1750–1950 м бийикте. Кен жерг. элге илгертен белгилүү. 1944-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилиндеги доломит, акиташ теги, эффузия тектери ж-а каледондогу гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ акиташ теги м-н гранитдиорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени пайда кылат. Мында скарн процесси жүрүп, тектон. терең жарака м-н тилмеленген. Жарака аркылуу көтөрүлгөн гидротерм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфалерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги кен – магнетит. Жогорку сапаттуу. Тилкенин уз. 0,9 км, туурасы 50–200 м. Темирдин кондициялык өлчөмү 38,8%ке чейин. Кенташтын запасы 2,576 млн т, темир – 1,0 млн т.