КАВКАЗ МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З МИНЕРАЛДУУ СУУЛАРЫ – Ставро­поль крайындагы белгилүү бальнеол., климат­тык курорттордун тобу (Ессентуки, Железно­водск, Кисловодск, Пятигорск). Ставрополь дөң­сөөсү м-н Чоң Кавказдын түн. капталынын ара­лыгында. Мында минералдуу суунун 130дан ашык булагы, илээшкек баткактын (Тамбукан көлү) ири запасы бар. 1992-ж. К. м. с-на Россия­нын өзгөчө коргоого алынган экол.-курорттуу аймагы деген статус берилген. Бардык курорт­тору бири-бири м-н автомобиль ж-а т. ж. м-н байланышат; Минеральные Воды ш-нда аэро­порт бар.