КАВКАЗ ӨНДҮРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКА́З ӨНДҮРҮ – Чоң Кавказдын түн. кап­талын улай жаткан аймак. Түндүгүнөн Кума- Маныч өрөөнү, батышынан Азов деңизи, Керч кысыгы, чыгышынан Каспий деңизи м-н чекте­шет. Батыш К. ө-нө (Кубань-Азов бою ойдуңу, Кубань бою түздүгү, Тамань ж. а.), Орто К. ө-нө (Ставрополь дөңсөөсү, Терек-Сунжа дөңсөөсү Минералдуу суулар тобундагы тоо-лакколит­тер – Бештоо, Машук ж. б.) ж-а Чыгыш К. ө-нө (Терек-Кума ойдуңу) бөлүнөт. К. ө-ндө Красно­дар ж-а Ставрополь крайлары жайгашкан.