КАГАЗ АКЧАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЗ АКЧАЛАР (англ. fiat money) – жүгүр­түүдө толук баалуу акчалардын ордуна жүрүүчү нарк белгиси; мажбурлануучу курска ээ‚ адатта металлга алмашылбайт ж-а мамлекет тара­бынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгарылат. К. а-ды чыгаруу зарылдыгы капитализмде өнөр жай м-н сооданын өнүгүшүнөн келип чыккан. К. а. алтын жана күмүш акчалардын айлануу процессинде аларга анын анык салмагынан бел­гиленген номиналдуу өлчөмдө пайда болгон. К. а. табияты б-ча нарктын накта формасы ка­тары алардын өздүк наркы болбойт: аларды ба­сып чыгаруу анча кыйын эмес. К. а-дын анык наркы нарк мыйзамы‚ акча жүгүртүү мыйзам­дары менен аныкталат. Тарыхый К. а. алтын­дын жана күмүштүн белгиси катары пайда бол­гон. Адегенде алар Кытайда о. кылымдарда Ху­билайхан башкарган мезгилде басып чыгарыл­ган. К. а-дын экинчи чыгарылышы ж-дө саякатчы Марко Поло 1286-ж. эскерген. К. а. 17-к-дан көп чыгарыла баштаган: Швецияда – 1644-ж.‚ Түн. Американын Массачусетс штатын­да – 1690-ж.‚ Францияда – 1701-ж.‚ Россияда – 1769-ж. чыккан. К. а-дын өз наркы болбогон­дуктан‚ алар асыл буюмдардын ж-а дүйнөлүк акчалардын наркынын өлчөмүн аткара албайт. Алар жүгүртүү каражаттарынын ж-а төлөм ка­ражаттарынын милдетин аткарат. Алтын стан­дарт алып салынгандан кийин К. а. топтомдор ж-а сактам каражаттары салыштырмалуу ту­руктуу кезинде белгилүү бир чекте алардын мил­детин аткарган. К. а. инфляция м-н ажырагыс байланышта.