КАДАМ ӨЛЧӨГҮЧ
КАДАМ ӨЛЧӨГҮЧ – канча кадам басканды өлчөгүч аспап. Чөнтөк саатка окшоп, кадамдын санын көрсөтүүчү үч жебеси ж-а аларды кайрадан алгачкы абалына алып келүүчү топчусу болот. Басып өтүүчү аралыкты (он мүнөт же жүз миң кадам) болжолдуу аныктоо үчүн көз м-н өлчөөчү съёмкада же спортсмендердин машыгуусунда колдонулат. Баштыкка салып, адам бир жерине илип алат. Басканда кыймылдап турсун үчүн огуна жүк кыстарып коёт. Бут шилтегенде пружинанын таасиринен жүк ары-бери чайпалып, аспаптагы дөңгөлөкчөнү, аны м-н жебени айландырат. Жебенин биринчиси – бирдик, экинчиси – жүздүк, үчүнчүсү – миңдик кадамдын санын көрсөтөт.