КАДРАЛИЕВ Жоомарт

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДРАЛИЕВ Жоомарт (18. 7. 1946-ж. т.‚ азыр­кы Чүй обл.‚ Жайыл р-ну‚ Сары-Булак айы­лы) – монументалист, живописчи. КРдин эл сү­рөтчүсү (1993), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1998).

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1966)‚ В. Cуриков атн. Мос­ква көркөм сүрөт ин-тун (1974) бүткөн. 1974-жылдан Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу‚ 1977–80-ж. СССР көркөм сү­рөт академиясынын Фрун­зедеги бөлүмүнүн аспиран­ты. 1996-ж. Кырг-н сүрөтчү­лөр союзунун төрагасы. 1968- жылдан респ. гезит-журналдарга жарыяланган макалаларды иллюстрациялап, жерг. ж-а бүт­күл союздук‚ эл аралык көргөзмөлөргө катыш­кан. К. адегенде станоктук живописте‚ кийин графикада‚ 1990-жылдан тартып монументтик роспись жанрында эмгектенет. К-дин «Койчу­лардын аттары»‚ «Чабандын уулу», «Кабар»‚ «Тоо­лук кыз»‚ «Пахтачы кыз»‚ «Ата журтумда», «Таазим – Айтматовдун элеси», «Түбөлүктүү көз

Эсимде. 1987.

ирмем», «Курбулар», «Эсимде» ж. б. чыгармала­ры белгилүү. Анын тарткан сүрөттөрү «Манас» энциклопедиясында пайдаланылган, К. Жусу­повдун кара сөз м-н жазылган «Манас» аттуу китебин көркөмдөгөн‚ Таластагы Манас этно­графиялык музейиндеги «Бабалар баяны», «Үч муун» аттуу экилтик чыгарманын, «Манаска» арналган графика серияларынын, Ош обл. фи­лармониясындагы «Кылымдар таңы» ири мо­нументтик росписинин (2000–01), Манастын Москва ш-ндагы эстелигинин (2009, Д. Жолчуев, Б. Сыдыков, Т. Медеров м-н бирге) автору. Кыр­гыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде жеке чыг-лык көргөзмөлөрү өткөн (1996, 1997, 1998), о. эле Ганновер ш-ндагы «ЭКСПО-2000» көргөз­мөсүнө катышкан. Кырг-н композиторлор союзу­нун ардактуу мүчөсү. «Шумкар уя», «Шер баян» күүлөрүнүн автору. К. 3-даражадагы «Манас» ордени, «Манас 1000» юбилейлик медалы м-н сыйланган.