КАЗАН 1
КАЗАН – кемегеге, тулгага, очокко асууга ылайыкталган чуңкур идиш. К. колодон, жезден, темирден колго жасалган. Көлөмүнө ылайык жан К., тай К., кой К. болуп бөлүнөт.

К-ды колдонууга ыңгайлуу болсун үчүн үстүңкү кырынан сыртына кулак чыгарылган. Жан К. эк и к у л ак т у у , башкалары төрт кулактуу. О. Азия ж-а Кавказ элдери К-ды үй тиричилигинде, о. эле кол өнөрчүлүктө да пайдаланышкан. Учурда алюминий, тефлон капталган К-дар з-ддордо даярдалып, кеңири колдонулат.