КАЗЕМАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЕМА́Т – 1) коргонуу курулуштарындагы жай; снаряд ж-а авиация бомбасы түз тийгенде ошол жайда жашынып олтурган адамдарды калкалоо үчүн жасалат. Анын согуш К-ы, бай­коо жүргүзүүчү К., снаряд сакталчу К. ж. б. түр­лөрү болот; 2) замбирек ж. б. куралдарды ор­нотуу, снаряддарды сактоо, адамдарды душ­ман огунан калкалоо үчүн кемелердеги соот­толуп жасалган жай; 3) 20-к-дын башына че­йин чепте же түрмөдө адам жалгыз камалчу бөлмө.