КАЗ СЫМАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗ СЫМАЛДАР (Аnzeriformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бутунун, булчуңдарынын, таң­дай, колко, тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн ж. б. тү­зүлүшүнө карата 2 түркүмчөнү (паламедея ж-а каздар) бириктирет. Алар сырткы түзүлүшү ж-а биологиясы б-ча ар түрдүү. Паламедеялар түркүм­чөсүнүн өкүлдөрү – байыркы ж-а өтө жөнөкөй куштар. К. с-дын өрдөктөр тукумунун түрлөрү жер бетинде кеңири таралган. Кырг-нда 26 түрү (чумкугучтар, кадимки өрдөктөр, арам өрдөк, каздар ж. б.) бар. Сууда жакшы сүзөт, жерге, бак-дарак, аска, жарлардын коңулдарына, ийинге уялап, 20га чейин жумуртка тууйт. Көпчүлүгү тропик, субтропик ж. б. жылуу жак­тарга барып кыштайт.