КАИПОВ Балташ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИПОВ Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Көк-Тоңду айылы – 23. 1. 1996, Бишкек) – режиссёр, актёр. КР эл артисти (1999), КР мад-тына эмг. сиң. ишмер (1974). СССР кине-

матографиясынын (1982), кыргыз телекөрсөтүү ж-а радио уктуруусунун (1988) отличниги. 1957-ж. Моск­вадагы А. В. Луначарский атн. Мамл. театр иск-восу ин-тун (ГИТИС) бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз драма театрына кирген. 1958-ж. жаңыдан уюшул­ган Кыргыз телекөрсөтүү­сүндө режиссёр, кийин баш­кы режиссёр (1961–67), кинотоптун режиссёру (1967–72), 1972-жылдан студиянын көркөм же­текчиси, башкы режиссёру, режиссёр-коюучу бо­луп эмгектенген. «Сайра комуз», «Тогуз кайрык» аттуу телефестивалдарды тарткан. «Алымкан» көркөм фильминин (1965-ж. тартылган, 1966-ж. Киевде өткөн телефильмдердин Бүткүл союздук фестивалынын сыйлыгын жеңип алган), «Та­лаа – кубанычым менин» (1965), «Комуз» (1968) ж. б. даректүү телефильмдердин, «Манас», «Ток­тогул» (1968) муз. спектакль-фильмдердин, о. эле 60тан ашык адабий-телекөрсөтүүлөрдүн режиссё- ру. К. актёр катары Ү. Ибраимовдун «Декан» көркөм фильминде декандын, Ж. Сооданбектин «Процесс» фильминде соттун, М. Убукеевдин «Элет романы» фильминде генералдык прокурор­дун, З. Эралиевдин «Шайтандын мөөрү» фильмин­де райком секретарынын, өзү тарткан «Алым­кан» фильминде манаптын ролун аткарган.