КАЙНЕЖЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНЕЖЕ , к а й ы н э ж е – жубайлардын бир тууган, аталаш, энелеш ж-а төрт-беш ата өткөн эжелери бириники бирине К. болот. Ай­тууга жеңилдетип, «кайын» деген сөзүн таштап эле «эже» деп атай беришет. Келин К-син ж-а анын күйөөсүн тергейт, аларга жүгүнөт. Жигит К-син эже, анын күйөөсүн жезде же бажа деп, каалаганындай атай берет.