КАЙРАК ЖЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАК ЖЕР – дыйканчылык өнүккөн аймак­тагы а. ч. өсүмдүктөрү сугатсыз өстүрүлгөн жер. К. ж. көбүнчө тоо этегиндеги түздүктөрдү, адыр­ларды, бөксө тоолорду, о. эле оазистердин сугат­ка ыңгайсыз чет-жакаларын ээлейт, анда неги­зинен кургактыкка чыдамдуу дан, тоют ж-а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жаан-чачынга, рельефтин өзгөчөлү­гүнө ж-а топурак кыртышына карата аныкта­лат. К. ж. Кырг-нда кеңири аянттарды ээлейт.