КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР – хим. реакциялардын түрлөрү. Кай­таланбас реакциялар реакцияга кирүүчү заттар­дын бирөөнү толугу м-н сарп кылганга чейин, б. а. аягына чейин жүрүп, чөкмө, газ же начар диссоциациялануучу заттарды пайда кылат., BaCl + H SO → BaSO + 2HCl. 2 2 4 4 Мындай реакцияларга углеводороддордун күйүүсү, жа­рылгыч заттардын ажырашы ж. б. кирет. Кай­таланма реакциялар аягына чейин жүрбөйт, се­беби реакция учурунда реакцияга кирүүчү зат­тар толугу м-н сарпталбайт. Натыйжада реак­ция карама-каршы багытта жүрүп калышы мүм­күн, мис., H2 + J2!:+2HJ. Реакциянын багыты реакцияга кирген заттардын концент-сына көз каранды. Системада пайда болгон заттардын кон­центр. баштапкы заттардын концентрациясы­нан аз болсо, реакция продуктунун пайда бо­луу багытында жүрөт, Ал эми концент. көп болсо, ал кайра ажырап, баштапкы затты пай­да кылат: 2HJ→H2 + J2. Кайталанма реакция­лардын теңдемелеринде барабардык белгиси эки багытты көрсөткөн белги м-н алмаштыры­лат. Реакциянын эки багытынын ылдамдыгы бирдей болсо, хим. тең салмактуулук абал тү­зүлөт.