КАЙЧЫЛАШ СЕБҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫЛАШ СЕБҮҮ – а. ч. өсүмдүктөрүн (не­гизинен дан эгиндери ж-а тоют өсүмдүктөрүн) эгүү ыкмасы; себилүүчү үрөндүн жарымы ай­доону бойлой узатасынан, экинчи жарымы туу­расынан себилет. Мында үрөн айдоого текши се­билип, түшүм жогорулайт. Мында суу топурак­ты аз агызат, бирок эмгекти көп талап кылат.