КАЙЫМ АЙТЫШУУ
КАЙЫМ АЙТЫШУУ – кыргыз оозеки поэзиясында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. К. а. тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ырдын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мис., Токтогул менен Арзыматтын К. а-су). Ашкерелөөчү, табышмактуу, тамашалуу ж. б. мүнөздөгү К. а-лар да болгон. Токтогул м-н Арзыматтын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз м-н Көбөктүн айтышы табышмактуу, Токтогул м-н Эшмамбеттин сакал ж-дө айтышы тамашалуу мааниге ээ. К. а. акындар поэзиясындагы филос. тереңдиги жагынан
да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабынан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай К. а-лар Токтогул, Калык, Барпы, Жеңижок, Эсенаман, Чоңду, Нурмолдо ж. б. залкар акындардын чыглыгында кеңири кездешет.