КАЙЫҢДЫ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ – Борб. Теңир-Тоодогу суу, Сары- Жаздын сол куймасы. Ак-Суу р-нунун аймагын­да. Кан-Теңир тоо тоомунун түш.-батыш тара­бындагы Кайыңды мөңгүсүнөн башталып, Кайың­ды өрөөнү аркылуу батышка агат. Уз. 50 км, алабынын аянты 599 км2, анын 158 км2ин мөңгү ж-а түбөлүк эрибеген кар ээлеп жатат. Алабы­нын орт. бийикт. 3800 м. Мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Июль–август айларында агымдын жылдык көлөмүнүн 60–70%и агып өтөт, ноябрь–апрелде тартылат. Жылдык орт. чыгымы 10 м3/сек, эң көбү – 100 м3/сек, эң азы – 1,5 м3/сек. Негизги куймасы – Ат-Жай­лоо суусу.