КАЙЫҢДЫ-БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ-БУЛАК – Кара-Кулжа р-нундагы суу. Алайкуу кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 36 км, алабынын аянты 240 км2. Тардын жогорку агымы Алайкууга сол жак­тан куят. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3100 м. Башталышы Кыздар деп аталат. Өрөө­нү карагай токойлуу. К.-Б-ка оң жактан 6 суу куят. Жылдык орт. чыгымы 1,33 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь–июлда, эң азы мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кугай кыштоосу ж-а Кайың-Талаа кыш. жай­гашкан.