КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ
КАЙЫҢДЫ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңир-Тоодо. Эңилчек, Ат-Жайлоо ж-а Кайыңды кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышка 75 кмге созулуп жатат. Ак-Суу р-нунун аймагында жайгашкан. Туурасы 5 км. Аянты 599 км2. Эң бийик жери 5420 м. Жапыз жери 2100 м. Рельефи төртүнчүлүк мезгилдин ортоңку бөлүгүндөгү байыркы мөңгүнүн жылышынан калыптанган тепши сымал (трог), орто жери жайык.
Өрөөндүн капталдары кыска, кууш жылгалуу.
Азыркы учурда эрозиялык процесстер ургаалдуу жүрүүдө. Негизинен палеозойдун кристаллдык ж-а аны жиреп чыккан интрузия тектеринен турат. Ортоңку бөлүгүндө олигоцен-миоцендин кызыл түстүү конгломераттары жер бетине
чыгып турат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –16...–17°С, июлдуку 10– 11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм.

Өрөөндөгү негизги суунун алабына таандык 73 мөңгүнүн жалпы аянты 158 км2, алардын эң ириси Кайыңды (уз. 25,8 км, аянты 107,4 км2). Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу (куймалары: Ат-Жайлоо, Карагатты) агат. Тескейине токойлуу шалбаа, субальп, альп ж-а нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Суу бойлой кайың, ар кыл бадал өсөт. Карагай токою ортоңку бөлүгүндө ж-а Үч-Чат тоолорунун түн. капталдарында кездешет. Кышкы жайыт.