КАЙЫПОВ Жолдубай
КАЙЫПОВ Жолдубай (11. 8. 1946, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Жаңы-Күч айылы – 30. 3. 1984, ошол эле жер) – обончу, аткаруучу, диктор. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1981). Б. Бейшеналиева атн. иск-во ин-тун бүткөн (1974). А. Малдыбаев атн. Кыргыз акад. опера ж-а ба-

лет т еатрында солист (1965–73) , Кыргыз мамл. телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1974–84). О. Азия респкалар аралык «Эң мыкты диктор» конкурсунун жеңүүчүсү. 70тей обондун автору. Анын «Мекеним», «Атам менен энеме», «Көл үстүндө», «Айтылбай калган махабат», «Жашчылык», «Алгач сүйүү», «Ала-Тоону сагынам», «Кел бийлейли, ырдайлы» ж. б. ырлары белгилүү. «Ырлар» аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан (1984). Жаңы- Күч айылынын мектебине ысмы (1991) берилген.