КАЙЫПОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫПОВ Сулайман Турдуевич [15. 7. 1952, Ош (азыркы Жалал-Абад обл.), Сузак р-ну, Ак-Тоок айылы] – адабиятчы, фольклорист, филология илимд. кандидаты (1985), КР илим ж-а тех. жаа-

тындагы мамл. сыйл. лау­реаты (2008). КМУнун фило­логия ф-тин бүтүргөн (1975). (1975–78) Кыргыз ССРинин Мамл. китеп палатасында библиограф, Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин­тунда кенже ил. кызматкер, 1978–80-ж. СССР ИАнын А. М. Горький атн. Дүйнө­лүк ад-т ин-тутунун Оозеки чыг-лыкты изилдөө бөлү­мүндө стажировкадан өтүп, 1981–84-ж. ошол эле ин-ттун аспирантурасында окуган. 1985– 91-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунда ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, сектор баш­чысы, В. М. Маяковский атн. Кыргыз мамле­кеттик кыз-келиндер пед. ин-тунда (азыркы И. Арабаев атн. КМУ) окутуучу, 1992–95-ж. Тил­дер ж-а гуманитардык илимдер ин-тунда (азыр БГУ) декан, 1-проректор, 1996–97-ж. Чүй ун­тинде проф., кафедра башчысы, тышкы байла­ныштар б-ча проректор, 1997–2007-ж. Түркия Респ-нын Ван ш-ндагы Жүзүнчү Жыл ун-тинде проф., 2007-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» ун­тинин ректору. Эмгектери кыргыз фолькло­рун ж-а ад-тын, түрк дүйнөсүнүн оозеки чыг­лыгын изилдөөгө ж-а таанытууга арналган. К. «Эл ырчылары» (1980) китебин, «Башталгыч­тан бүгүнкү күнгө чейин Түркия адабияты» антологиясын (Анкара, 2004), «Кыргыз ада­биятынын антологиясынын» эки томдугун (Анкара, 2005) түзгөн. Ил.-популярдуу «Жылга бергис жарым күн» (2006), «Эр Төштүк жомо­гунун көркөм сүрөттөө каражаттары» (2007), «Тоголок Молдо: Эскерүүлөр изилдөөлөр» (2009) ж. б. 100дөн ашык ил. эмгектин авто­ру. Сократ атн. эл аралык сыйл. лауреаты (2007).