КАЙЫРМА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫРМА – Жалал-Абад обл-нун Базар-Кор­гон р-нундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 10 км түш.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. беке­тинен 23 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Кал­кы 1606 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «К.» аталып калган.