КАЙЫРМА-АРЫК
КАЙЫРМА-АРЫК – Ысык-Көл обл-нун Ак-Cуу р-нундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Ак-Суу ж-а Боз- Учук сууларынын аралыгында, деңиз деңг. 1840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыш-нан 12 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 249 км. Калкы 1193 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.