КАЙЫШ
КАЙЫШ – жүнү жыдытылып, ашатылып ийленген тери. Бодонун, кайберендин терисин челдеп, жүнүн алып, малмага салып, тез-тез которуштурат. Ашаткыга кирген соң (5–7 күндөн кийин), терини таза жууп, тоборсутуп, аз нымы м-н талкууга салып, ийи жеткенче ийлейт. Жашоотиричиликке байланыштуу көчмөнчүлүк турмушта ат жабдыктарын жасоо үчүн К. көп колдонулган. К-тан жүгөн, куюшкан, басмайыл, нокто, көмөлдүрүк, үзөңгү боо, чылбыр, тизгин, канжыга, куткун, чаполоң, бүлдүргө, о. эле кур, кын ж. б. буюмдар жасалган. Учурда К. ж-а андан жасалган буюмдар атайын ишканаларда даярдалат.