КАКТООЧУ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКТООЧУ МАШИ́НА – көк чай жалбырагын алдын ала кургатуучу аппарат. Чай жалбыра­гынын нымдуулугун 75–78%тен 61–62%ке че­йин жеткирет. К. м. туюк металл камерадан ж-а а. и. үстү-үстүнө туурасынан жайгашкан тилке-тилке болгон конвейерлерден турат. Кон­вейердин кыймылына жараша чай жалбырак­тары төмөн карай которулат. 45–48°Сге чейин ысытылган аба конвейер аркылуу жиберилип чай жалбырактарын кактайт.